КИНОЛОГИЯ
КИНОЛО́ГИЯ (гр. kyjn, илик жөндөмөдө ky- njs– ит ж-а ...логия) – ит ж-дөгү илим. Иттин анатомиясын, физиологиясын, тегин, породасын, итти багуу, үйрөтүү, эл чарбасында пайдаланууну иликтейт. К. 19-к-дын 2-жарымында илим катары калыптанган. Грекия, Римде итти багуу, үйрөтүү ж-дөгү эмгектер б. з. ч. эле белгилүү болгон. Азыркы К. иттин негизги 3 тибинин (ишчил, аңчы ж-а эрмектик иттердин) көптөгөн породаларын изилдейт.
Ад.: Пуньетти Д. Собаки: Энциклопедия. М., 1998.