КИНОКОМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОКОМЕ́ДИЯ – кино искусствосунун бир түрү. К-га турмуштагы айрым көрүнүштөрдү күл­күлүү кылып көрсөтүү мүнөздүү. Анын көптөгөн жанрдык формасы ж-а түрлөрү бар. Азыркы К-да коомдук ж-а моралдык маанилүү маселе­лерди көтөргөн сатиралык ж-а лирикалык эле­менттер камтылат. Дүйнөлүк К. иск-восунун өнү­гүшүнө белгилүү актёрлор А. Дид (Италия), Ч. Чаплин (АКШ), Фернандель (Франция), М. Пу­говкин, Г. Вицин, Л. Гурченко, Е. Леонов, А. Миро­нов, А. Мягков, Л. Ахеджакова ж. б. (Россия) чоң салым кошкон. Кырг-нда айрым көркөм фильмдердеги («Менин жаңылыштыгым», «Ар­ман», «Айыл өкмөтү» ж. б.) Ш. Түмөнбаевдин, А. Шаршеновдун, К. Абыловдун комедиялык ролдору таасирдүү.