КИНО ИСКУССТВОСУ
КИ́НО ИСКУССТВОСУ – көркөм чыгармачылыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык ад-т м-н театрдын, сүрөт өнөрүнүн музыканын көркөм касиеттерин сиңирип пайда болгон ж-а өнүккөн синтездүү иск-во. Иск-вонун башка түрлөрүндөй эле К. и. да турмуш чындыгын чагылдырат. Жаңы фильмди жаратууда кинодраматург, режиссёр, актёрлор, оператор, сүрөтчү, композитор, түрдүү аппаратура, аспаптарды башкарган тех. адистер катышат. К. и. негизинен көркөм фильм, документ кино, мультипликациялык фильм ж-а ил.-популярдуу кино болуп бөлүнөт. Фильм чыгаруу ж-а аны көрүүчүлөргө тартуулоо – чыг-лык ж-а уюштуруу ишин талап кылган татаал процесс. К. и-нун өнүгүү тарыхы шарттуу түрдө 4 мезгилге бөлүнөт. Б ир и н ч и мезгил бир тууган Л. ж-а О. Люмьерлер «жандуу фотографияны» ойлоп тапкандан тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш (1914– 18) бүткөнгө чейинки учурду камтыйт. Алгачкы фильмдерде окуя бир жерде тартылып, актёрлор театр техникасын, ад-т м-н театр тажрыйбасын, цирк аттракционунун ыкмасын пайдаланган. К. алгачкы өнүгүшүнө реж. Ж. Мельес, М. Линдер (Франция), Я. Протазанов, В. Гардин (Россия), Д. Гриффит, Ч. Чаплин (АКШ) чоң салым кошкон. Э к и н ч и мезгил. 1920-жылдары «үнсүз» кино өз алдынча искусство катары калыптанган. Хроникалуу документ фильм м-н тарыхый рев-ялык монтаждуу фильм чыгарылган. Ү ч ү н ч ү мезгил 1930–40- жылдарды камтыйт. Бул мезгилде кинотасмага үн жазуу техникасы киргизилген. Кинодраматургия өсүп, үндүү кинонун пайда болушу актёрлордун чыг-лыгына кеңири жол ачкан. Т ө рт ү н ч ү мезгил. Экинчи дүйнөлүк согуш аякта-
гандан кийин К-нун өнүгүшүнүн жаңы мезгили башталган. Бул жылдары кинотехниканын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши м-н көркөм каражаттар көбөйгөн. Түстүү кино тартуу башталып, кең экрандуу ж-а панорамалуу фильмдер пайда болгон. Кең экрандуу фильмдерде стерео үн колдонулат. Фильм, эреже катары, коллективдүү эмгектин натыйжасы болуп саналат, ага сценарист, режиссёр, оператор, сүрөтчү, композитор, монтаждоочу, көркөм фильмде актёрлор, о. эле бир катар чыг-лык, тех. ж-а адм. кызматкерлер катышат. Чыг-лык процессте негизги роль режиссёрго таандык. Кырг-нда кино тартуу 1942-ж. башталган, к. «Кыргызфильм».
Ад.: Первый век кино. М., 1996; Зоркая Н. М. История советского кино. М., 2005.