КИМВРЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМВРЛЕР – Ютландия ж. а-на алгач отурук­ташкан герман уруулары. Б. з. ч. 2-к-дын аягын­да К. тевтондор ж-а амброндор м-н бирге түш­түктөгү Галлияга чабуул баштап, б. з. ч. 113-ж. Нореяда жеңишке ээ болгон. Б. з. ч. 102-ж. Түн. Италияны дээрлик басып алган, бирок б. з. ч. 101-ж. Лутаций Катул м-н Гай Марийдин ас­керлери Верцеллынын алдында К-ди талка­лаганда, кол башчысы Бойорикс өлгөн. К-дин көбү кулдукка сатылган, калгандары түндүккө жер которгон.