КИЛЕМЧИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛЕМЧИЛИК – кыргыз элинин материалдык мад-тын, асыресе кол өнөрчүлүгүн, ой-кыялы м-н эстетикасын, турмуш-тиричилигин айкын ча­гылдырган элдик өнөрдүн бир тармагы. К. түш. ж-а түш.-батыш аймактарда жашаган кыргыз урууларына мүнөздүү. Кыргыз элинде негизинен жүл (түктүү) ж-а арабы (түксүз) К. жасалат. Жүл К. эриш, түр, аркактан турат. Эриши кой м-н эчки жүнүнөн жасалат. Ар кыл түстөгү жиптен салынган көчөттөр К-ге түр берип турат. Аркак

кадимки жүндөн, көбүнчө түрдөн, мурунку эриш­тердин калдыктарынан да ийрилет. Арабы К. жүл К-ге окшобой түксүз келип, аркагы болбойт, ошого байланыштуу түр да башкача салынат. Бул К. жеңил, бышык ж-а кооз болот. К-ге кой­дун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. Жүндү боёодо испарек, чүкүрү, ачык таш, ачык суу (сирке), селитра ж. б. зат­тар пайдаланылат. К-ди токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, килем токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык жазгыч ж. б. аспаптар колдону­лат. К-ди 4–5 аял токуп, чебери иштин жалпы жүрүшүнө, көбүнчө түр салууга көз салат. Эриш жип абдан чыйрак ийрилет да, эки каттап чый­ратылып, башалмай (тоголок) б-ча сууга кай­натылат. Суусу сарыккан соң, аралыгы 4–5 м болуп бекем кагылган эки казыкка бүт эришти жүгүртүп, так орто жерине жоон жыгачты са­лып, катуу бурап-чыңдап бекитет. Ал кургагы­ча турат. Анан бөлөк-бөлөк үшмөктөп (чүйкө­лөп) алат. К-ди токууда эң биринчи жерди те­гиздеп, К. курууга керектүү казыктарды туура жыгачтарды же темир түтүктөрдү орнотот. К-ди токууда адегенде «жүгүрүү» иши башталат, б. а. эришти аштаманын баш ж-а аяк жыгачтарына өткөрүп, К-дин негизин түзөт. Андан кийин К-дин эриш жибин күзүктөп, күйөө жыгачка бөлүштүрүп байлап, күзүгүн көтөрүп, бир нече жолу аркак өткөрүп, башталышын бекемдеп, түр салууга өтөт. К. согууда эң биринчи «жа­пайы», «ала жип», «ала мончок», «кара-суу» деген ж. б. түрлөр токулгандан кийин, «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети м-н берилет. Лейлек, Баткен ж-а Ноокатта жүл К-ди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. К-дин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бө­лүнөт: «бүтө кочкорек» ж-а «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күл­көптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мү­йүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» ж. б. көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылга­ны «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп са­йылса «сыңар кайкалак», түгөйлөштүрүлүп са­йылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уз­дар К-ди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган К-дин эң чоңу ордо К. аталып, аянты 5x3,5 мге жетет. Калы К. 3,5x2,5 м келип, көбүнчө керегеге, үйдүн дубалына тартууга ыла­йыкташтырылган. Төр К. аянттуу келип, жер­ге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын К. токуш­кан. Мындай чакан К. төө К. деп аталган. Кө­чүп-конууда урунууга жайлоо К-и токулган.