КИКБОКСИНГ
КИКБО́КСИНГ (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс) – чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) ж-а англис боксунун негизинде түзүлгөн спорт түрү. К-тин эрежеси б-ча таймашта атаандашына багытталган кол м-н буттун соккулары күчтү толук колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут м-н иштөө ыкмалары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокстан алынган. К. машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда ж-а Батыш Европада 1970–75-ж. пайда болгон. Учурдагы К-де жети негизги багыт бар: лайт-контакт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай- К., о. эле жакында эле пайда болгон жекече таймаш ж-а К. база-

сындагы аэробика. Бүгүнкү күндө К. б-ча мелдештер бир нече уюм м-н
өткөрүлөт. Бул иш -чарал ардын
негиздөөчүсү – Эл
аралык профессионалдык каратэ федераци ясы (1968-ж. түзүлгөн).
К-дин ири уюму –
WAKO (эл аралык
К. уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал К-ди сүйүүчүлөр ж-а профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионалдар арасында мелдештер эркин «хронол. схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рейтинг системасы) б-ча жүргүзүлөт. Ал б-ча спортчу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салмагы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) б-ча
чемпиондукка талапкер катары саналат. Андан кийин талапкер бул салмактагы чемпион м-н беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. К. жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак ж-а таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу каражат), кыз-келиндер үчүн төшүн коргоочу атайын кошумча калканчтар кирет. К. сүйүүчүлөрдүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профессионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 раунд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кыргнда К. 1990-жылдардын башынан өнүгө баштап, көптөгөн спорт клубдары (Гермес-Профи ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор салым А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кырг-ндык спортчулар – Ш. Шадманов (Кырг-ндан алгачкы дүйнө
чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Абасов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев ж. б. Респ-канын 1-чемпионаты 1996-ж. Бишкекте өткөрүлгөн.
Ад.: Линдер И. Б., Оранский И. В. Боевые искусства
Востока. Маленькие «секреты» больших школ. М., 1992; История боевых искусств. От нового света до
Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гагонин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999; Тарас А. Е. Французский бокс сават: история и техника. Минск, 2001.
Б. Үсөнканов.