КИЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ
КИ́ЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ – Рустагы эң байыркы монастырь, Киевде. Эркектер монастыры катары 1051-ж. негизделген. К.-П. л. 11-к-дын аягынан чиркөө ж-а мад-ттын ири борбору болуу м-н бирге саясий таасирге ээ болгон. 1240-ж. монастырь татар-моңгол жортуулунда кыйроого учураган. 1598-жылдан лавра деп аталган. 1926- жылдан тарыхый-маданий музей-корук, 1988- жылдан кайрадан монастырь. К.-П. л-нын арх-

ралык комплексине Жогорку лавра м-н Алыскы ж-а Жакынкы үңкүрлөр кирет. Алар 11–18- к-да курулган. Бул жасалма үңкүрлөрдө байыркы учурда монахтар жашаган жай ж-а храм– кийин 16-к-га чейин көрүстөн, 11–16-к-да монастырь диний ж-а маданий борбор болгон: жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, басмакана, мектеп иштеген. Байыркы курулуштары: Успенье собору (11–18-к. 1941-ж. талкаланган, 1998–2000-ж. калыбына келтирилген)– Троица чиркөөсү (1108-ж., 18-к-да кайра курулган)– украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702)– чиркөөлөр (1696–98) ж-а бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев ж-а бүткүл Украина митрополитинин резиденциясы, диний академия, семинария жайгашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана ж. б. маданий мекемелер бар. К.-П. л. София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү м-н бирге Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.