КИБЕРНЕТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИБЕРНЕ́ТИКА (гр. kybern–tike – башкаруу өнөрү) – татаал башкаруу системаларында маа­лымат алуунун, сактоонун, берүүнүн ж-а өзгөр­түүнүн жалпы закондору ж-дөгү илим. Башка­руу системасы катары жалаң эле тех. эмес, ар кандай биол., адм. ж-а социалдык системалар да алынат. Өтө татаал башкаруу системалары­на тирүү организмдердин (адам организмин) нерв системалары, адам коомундагы башкаруу аппа­раты мисал боло алат. «К.» терминин 1-жолу (байыркы гректерден кийин) 1834-ж. фр. оку­муштуу Ампер адам коомун башкаруу ж-дөгү илимдин классификациясын түзгөндө колдон­гон. Амперден кийин бул термин бат эле унуту­луп калган. Кийин илимге 1947-ж. Н. Винер киргизген. Ал теор. (матем. ж-а логикалык не­гизи ж-а философия маселелери), тех. [башка­руу ж-а эсептөө түзүлүштөрүндө колдонулуучу тех. каражаттарды ойлоп табуу ж-а иштетүү (программалоо)], колдонмо (теор. ж-а тех. К-ны ө. ж., энергетика, транспорт, байланыш кыз­маттары ж. б. маселелерди чечүүдө колдонуу) болуп үч тармактан турат. Азыркы К-нын өз алдынча ил. багыттарды элестеткен бир катар бөлүмдөрү бар. К-нын теор. ядросун маалымат, алгоритмдер, автоматтар, операцияларды изилдөө, оптималдуу башкаруу, образдарды таа­нып-билүү теориялары түзөт. К. башкаруу сис­темаларын ж-а акыл эмгегин автоматташты­руу үчүн система түзүүнүн жалпы принципте­рин иштеп чыгат. К-нын маселелерин чечүү­чү негизги тех. каражат – ЭЭМ. Ошондуктан К-нын өз алдынча илим катары пайда болуусу 20-к-дын 40-жылдарында мындай машиналар­ды түзүү, ал эми К-нын теор. ж-а практикалык өнүгүшү электрондук эсептегич техника прогрес­си м-н байланыштуу. Технол. процесстерди ав­томатташтыруу маселесин чечүүгө багытталган илимдерди камтыган К. тех. К. деп аталат. Тех­нологияны башкаруу маселелери өндүрүштү уюштуруу ж-а экон. (пландаштыруу, керектүү материалдар м-н жабдуу, чыгарылган продук­цияны өткөрүү, финансы операцияларын жүр­гүзүү ж. б.) башкаруу маселелери м-н түздөн түз байланыштуу. Бул маселелерди экон. К. чечет.


Ад.: Винер Н. Кибернетика и общество. М., 2003.