КЕЧУА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ЧУА , к и ч у а – Түш. Америкадагы индей эл

деринин бири. Перу, Боливия, Эквадор, Ко­лумбия, Түн.-Батыш Аргентина ж-а Түн. Чи­лиде жашашат. Жалпы саны 10 млн киши (2008). Кечуа тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү ка­толиктер. Инктер мам­лекетинин пайда болушу

К. урууларынын этнос­тук жактан биригишине түрткү берген. Колония­лык мезгилдин (19-к-дын 1-чейреги) аягында К. эл болуп калыптанып, мад­ты өнүккөн. 19-к-дын 70- жылдары К-лар шаар­ларга (негизинен Лима ш-на) көчө баштаган.
Негизинен а. ч-нда иштеп, айрымдары кол өнөр­чүлүк кылышкан. Эркектери тизеге чейин кыс­ка шым, кыска күрмө ж-а кездемеден тигилген пончо, башына фетр калпак же жүндөн токул­ган шлем (чульо), бутуна тери бут кийим кийи­шет. Аялдар кабатталган юбка кийип, ийин­дерине оромо жамынып, темир, таш, сөөк ж-а үлүлдөн жасалган кооздуктарды тагынышат.