КЕЧИРИМ БЕРҮҮ
КЕЧИРИМ БЕРҮҮ – күнөөлүү бир же бир нече адамга КРдин Президенти тарабынан берилген мунапыс. Соттолгон адам, о. эле анын бир туугандары, мамл. эмес уюмдар, көзөмөлдөө комис-
сиясы ж. б. КРдин Президентине К. б. ж-дө
өтүнүч м-н кайрылууга укуктуу. К. б. ж-дө өз атынан өлкө башчысы да көтөрүшү мүмкүн. К. б. актысы б-ча: 1) соттолгон адам андан ары жазасын өтөөдөн толугу м-н бошотулат; 2) соттолгон адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат; 3) соттолгон адамга коюлган статья кыйла жеңилдетилет; 4) эркинен өмүр бою ажыратылгандар үчүн жаза өтөө мөөнөтү
30 жылга алмаштырылышы мүмкүн. Эркиндигинен толук ажыратылган адамга белгиленген жазанын кеминде жарымын өтөгөндөн кийин, ал эми соттолгон адамдарга соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин кайрылууга укук берилген.
К. А. Бодобаев.