КЕТМЕН (эмгек куралы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТМЕН – дыйканчылыкта колдонулуучу эм­гек куралы. К. алгачкы дыйканчылык м-н кошо пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин жалпак курч темирден жасалган. Анын уңгусу, башы ж-а сабы болот. К-дин башы үч бурч, те­герек ж-а сүйрү формада, уз. 25–35 см, эни 20– 30 смдей. Уңгусуна 5–7 см келген жоон түтүкчө ширетилет же кадалат да, ага 1,5 мче жумуру жыгач сапталат. Бети жылмаланып, мизи кур­чутулуп, уңгусу жагынан эки чети ичин көздөй бир аз кайрылат. Учурда жер казуу, арык чабуу ж. б. а. ч. иштеринде К. кеңири пайдаланылат.