«КЕТ-БУКА»
«КЕТ-БУКА» – эл арасына кеңири тараган классикалык күү. Анын чыгышы ж-дө ар кандай (биринде Кет-Бука кан, экинчисинде Чыңгызхандын кол башчыларынын бири же жөн эле комузчу болгон деп айтылат) уламыштар бар. Көпчүлүк учурда Кет-Бука комузчу Айкан канга жалгыз уулу аң уулап жүрүп, кокусунан жолборстон мерт болгонун күү аркылуу угузган деп айтылат. Күүдө терең кайгы баяндалат. Күү залкар комузчу Карамолдонун аткаруусунда жазылып алынган. Мындан башка да варианттары бар. Бул күү казактарда «Аксак кулан» деген ат м-н домбрада чертилет.