КЕТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ТА (Onсorhynchus keta) – лосостор тукумун­дагы балык. Жыл мезгилине жараша жайкы ж-а күзгү К. деп бөлүнөт. Жайкысынын дене уз. 60 смдей, салмагы 2,5 кгдай. 3–5 жашында жетилет. Өрдөөсү августта башталат. 3 миңге жакын урук таштайт. Өрдөө убагында азык­танбайт, эркек, ургаачысынын кебетеси өзгө­рөт. Күзгү К-нын уз. 90 смдей, салмагы 4,5 кг­дай, жыныстык жактан 4 жашында жетилет, ноябрь–декабрь айларында уругун таштоо үчүн 2 миң кмге чейин өрдөйт, 4 миңге жакын икра таштайт. Алар уругун таштагандан кийин өлөт. Балык чарбасында маанилүү.