КЕСМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСМЕ – жука жайылган камырдан ичке кеси­лип, шорпого салына турган азык ж-а андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган ка­мырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк м-н тегиз жу-

картып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүк­төйт да, ичке ке­сет. К-ни силкип, супаранын бетине жайып, тоборсу­гандан к ий ин унун күбүп, кай-


нап жаткан сорпого салат. О. эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымал­дарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кай­наган шорпого К. салынып жасалган суюк та­мак да К. деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т К., нак шорпого бышканы ш о р т е к К., кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а­т ы к т а л г а н К., куурулганы к у у р м а К. делет. Учурда технол. жол м-н чыгарылган К-нин түрү көбөйүүдө.


Ад.: Бөрүбаев Т. Кыргыз даамы. Ф., 1984.