КЕРЭЭЗ
КЕРЭЭЗ – 1) дүйнөдөн өткөн адамдын артында калган жакындарына калтырган өтүнүчү, аманаты, кеңеши, арман-асирети, коштошуу сөзү. К. тирүүлөр тарабынан сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш деп эсептелинет; 2) адамдын ал өлгөндөн кийин өз мүлкү кандайча тескелиши керек экендиги ж-дө мыйзамда белгиленген формада, жазуу түрүндө жасалган каалоо-буйругу. Ал документ милдеттүү түрдө нотариат же ага теңдештирилген мекеме-уюм тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.