КЕРЧЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЧЬ – Украинадагы шаар. К-ге Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн баатырдыгы үчүн «Баатыр шаар» деген ардактуу наам (1973) бе­рилген. Крым Автономия Респ-нын аймагында. Керчь кысыгындагы порт. Калкы 149,7 миң (2008). Жанкыт – Керчь т. ж-нун акыркы т. ж. бекети. Темир кени казылып алынат (Камы­шанск-Бурунск комбинатында иштетилет). Ме­таллургия, кеме куруу ж-а ремонттоо, тамак­аш – татымал (а. и. балык белендөө) ө. ж. иш­каналары иштейт. Б. з. ч. 6-к-да негизделип, Пантикапей аталган. Ал б. з. ч. 5-к-дын ба­шынан б. з. 4-к-нын аягына чейин Боспор мам­лекетинин борбору болгон. 1475-ж. түрктөр ба­сып алган. 9–11-к-да Корчев аталып, Россия­нын курамына кирген. К-тин аймагында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда катуу салгылаш­тар жүргөн. Театр, тарыхый-археол. музей, Ажи­мушкайды коргоодо курман болгон баатырлар­дын мемориал ансамбли бар. Мелек-Чесмен кор-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

гону (б. з. ч. 4-к.), Деметр склепи (б. з. 1-к.), Иоанна Предтечи чиркөөсү (10–13-к.) сакталган.