КЕРМЕ-ТОО (Ош шаар кеңешине караштуу кыштак)
КЕРМЕ-ТОО – Ош обл-ндагы кыштак. Ош шаар кеңешине караштуу Жапалак айыл округунун курамында. Облустун борбору Ош ш-нан 6 км батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 7 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Калкы 1631 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Тамеки кабыл алуучу пункт, мад-т үйү, оорукана, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жайлары иштейт.