КЕРМЕКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРМЕКТЕР (Plumbaginaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Көп же бир жылдык чөп ж-а чала бадал. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашат, алардын жээги тегиз, сүй­рү же тасмадай, кээде ичке, тикендей, чанда ка­наттай тилкелүү. Гүлү туура түзүлүштүү, эки жы­ныстуу, чөйчөкчөсү 5–10, өсүмдүк бышып же­тилгенде деле күбүлүп түшпөйт, бири-бири м-н биригип, 5–10 бөлүктүү түтүкчөнү түзөт, көбүнчө мала же күлгүн кызыл. Желекчелери 5, өз-өзүнчө болуп, биригип өспөйт, кээде түп жагы эле тү­түкчөдөй. Аталыгы 5, үстүнкү энеликтүү, ал беш мамычалуу, тоголок чаң алгычтуу. Мөмөсү – бир уруктуу, капкакчалуу кутуча. Желекчелери күлгүн, мала, кочкул кызыл, сары же ак. Топ гүлү машакчадай, шыпыргыдай, чанда тоголок, алар жалбыраксыз, узун сабакка чогулган. К-дин 15 уруусу, 500 түрү Түн. жарым шардын тропик эмес бөлүгүндө негизинен Евразия, Жер Ортолук деңиз жээгинде кездешет. Кырг-нда 4 уруусунун 40тан ашуун түрү жарым чөлдө, кур­гак боздоңдо, таштак адырда, кээде шордуу та­кырда өсөт. Айрым түрү ашаткыч, боёк алынуу­чу ж-а кооз өсүмдүк катары колдонулат.