КЕРКИ
КЕРКИ – жыгаччылыкта ж-а үй-тиричилигинде урунулуучу болот аспап. Жыгач (комуз, ээр ж. б.) чабуу, кертүү үчүн колдонулуп, чот сымал жасалат. Анын аталгы К., чот К., байтеше ж-а аштама К. деген түрү бар. Сабы көбүнчө четин, кайың, арча, ыргай, талдан жасалат.