КЕРКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРКИ – жыгаччылыкта ж-а үй-тиричилигин­де урунулуучу болот аспап. Жыгач (комуз, ээр ж. б.) чабуу, кертүү үчүн колдонулуп, чот сы­мал жасалат. Анын аталгы К., чот К., байтеше ж-а аштама К. деген түрү бар. Сабы көбүнчө че­тин, кайың, арча, ыргай, талдан жасалат.