КЕРИМБЕКОВ Күлчоро
КЕРИМБЕКОВ Күлчоро (22. 12. 1922, азыркы Чүй обл., Жайыл р-ну, Кум-Арык айылы – 26. 5. 1989, Фрунзе) – живописчи

, Кыргыз ССР иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1982). Улуу Ата Мекенди к согуштун катышуучусу. Самарканддагы көркөм сүрөт окуу жайын (1947), И. Е. Репин атн. Санкт-Петербург живопись, скульптура ж-а арх-ра интун (1953) бүтүп, Фрунзедеги С. Чуйков атн. көркөм
сүрөт окуу жайында окутуучу болгон. К. пейзажда, жанрдык картинада, портретте иштеген. Камералык, лирикалык ж-а индустриялык пейзажды («Ысык-Көл кечи», «Токтогул ГЭСинин курулушу», «Чоң бетон заводу», «Бадам гүлдөдү», «Палангадагы күз», «Неман дайрасы» ж. б.) өнүктүргөн. «Жылкычы Алымкул», «Балыкчылар», «Кыргызстандын жүзү» тематикалык картиналар сериялары, А. Үсөнбаев, академик С. Т абышал иев, К. Молдобасанов, С. Ногое в анын портреттери Кыр-

гыз мамл. көркөм сүрөт ж-а Москва, Санкт-Петербург, Алматынын музейлеринде сакталуу. Ал көптөгөн жерг. ж-а эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкектин бир көчөсүнө ысмы берилген (2000).