КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ – VI–VIII кылымдарда жаша­ган түрк урууларына таандык мүрзөлөр. Алай районундагы Сары-Таш айылынын чыгыш тара­бында жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөлөрдөн ту­рат. Адамдардын сөөгү топурак көрлөргө кою­луп, таш такталар менен жабылып, баш жагына төрт кырлуу таш түркүк орнотулган. Анда бир нече рун тамгасына окшош белгилер чегилген. 1961-жылы Ю. Д. Баруздин бир нече мүрзө-дөбөнү казып, изилдеген.