КАРА-БАЛТА КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын ай­магында. 1952-жылы ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. Мында Кара-Балта тоо-кен комбина­тынан иштетилип чыккан кен калдыктары (уран тобундагы элементтер) сакталат. Гамма нурлануусунун кубаттуулугу 30–220 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 баллга чейин. Экологиялык жактан дээрлик канааттандырарлык.