ГАЛЬЯРДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:53, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ГАЛЬЯРДА''' (италянча gaqliarda, француз тилинде gaillarde – шайыр) – италиялыктар менен француздардын эски бийи. Алгач ылдамыраак кыймылда бийленсе, кийин жандуу, кубаттуу мүнөзгө ээ болгон. XVI–XVII кылымдарда Батыш Европанын эң сүйүктүү бийине айланган. Ошону менен...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЬЯРДА (италянча gaqliarda, француз тилинде gaillarde – шайыр) – италиялыктар менен француздардын эски бийи. Алгач ылдамыраак кыймылда бийленсе, кийин жандуу, кубаттуу мүнөзгө ээ болгон. XVI–XVII кылымдарда Батыш Европанын эң сүйүктүү бийине айланган. Ошону менен бирге аспаптык, айрыкча жаалуу тартма музыкада өзгөчө орунду ээлейт. Гальярда адатта, жай, салтанаттуу павана бийинен кийин аткарылган. Бул бири-бирине контрастуу бийлер XVI–XVII кылымдын аспаптык сюиталарынын уюткусун түзгөн.