БЫЗАНЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''БЫЗАНЧИ''', пызанчи (тувача бызаанчы) – тувалыктардын байыркы жаалуу тартма кылдуу музыкалык аспабы. Кытайлыктардын эрху музыкалык аспабы менен түркүмдөш. Буканын мүйүзүнөн, жыгачтан, жезден, латун жана башкалардан жасалат. Төрт кылдуу. Экинчи жана төртүнчү...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЗАНЧИ, пызанчи (тувача бызаанчы) – тувалыктардын байыркы жаалуу тартма кылдуу музыкалык аспабы. Кытайлыктардын эрху музыкалык аспабы менен түркүмдөш. Буканын мүйүзүнөн, жыгачтан, жезден, латун жана башкалардан жасалат. Төрт кылдуу. Экинчи жана төртүнчү кылы унисонго күүлөнөт. Биринчи жана үчүнчү кылдары квинтага толгонот, жаасына кыл тагылат. Бызанчинин жалпы узундугу 750 миллиметр.