БАНДЖО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:10, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''БАНДЖО''' (англисче banjo) – америкалык негрлердин кылдуу чертме музыкалык аспабы. Чарасы жаргак менен капкакталган, моюну беренелерге бөлүнгөн. 4-9 кылдуу, плектордун жардамы менен ойнолот. Банджо  ар кандай көлөмдө, түрдүүчө күүлөнөт. Банджо түрлөрү укулеля (ж...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДЖО (англисче banjo) – америкалык негрлердин кылдуу чертме музыкалык аспабы. Чарасы жаргак менен капкакталган, моюну беренелерге бөлүнгөн. 4-9 кылдуу, плектордун жардамы менен ойнолот. Банджо  ар кандай көлөмдө, түрдүүчө күүлөнөт. Банджо түрлөрү укулеля (жалаң 4 кабат кылдуу), банджо мандолина (4 эки кылдуу ), банджо гитара (жалаң 6 кабат кылдуу), банджо тенор (жалаң 4 кабат кылдуу) жана башка түрлөрү бар. XX кылымдан джаз-оркестрлер уюштурулат. Банджо жеке ойноочу жана коштоочу аспап катары пайдаланылат жана ар бири ар кандай күүлөнөт. Мисалы, банджо-мандолина, банджо-гитара кадимки эле мандолина примадай, 6 кылдуу гитарадай күүлөнөт.