КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ – Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Кара-Акмат жергесинде жайгашкан коло дооруна таандык мүрзөлөр. Алар таш, то­пурак менен үйүлгөн жүзгө жакын дөбөчөлөрдөн, төрт чарчы көлөмдүү коргончолордон турат. Чопо идиштердин сыныктары, адамдын өрттөл­гөн сөөк калдыктары табылган. Кара -Акмат көрүстөнүн ар­хеолог П. Н. Кожемяко казып, изилдеген.