КАРА БАШ ЧӨП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БАШ ЧӨП (Poterium) – роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. КМШ өлкөлөрүндө 3, Кырггызстанда 1 түрү (P. sanguisorba L.) бар. Бийиктиги 60 смге чейин. Шалбаада, жол, суу, арык, көлмө бойлорунда көп кездешет. Жалбырагы канат сымал, тегерек, жээги майда тилкелүү. Негизинен жайыт чөбү. Эрте жазда тез өсүп, май–июлда гүлдөйт. Тоют үчүн уругу (10%) башка өсүмдүк уруктары м-н бирге себи­лет. Жашыл массасында бардык кургак заттар­га карата алганда 16,6% протеин, 8,0% күл, 4,0% май, 23,7% клетчатка болот. Жалбыра­гында 261 мг% С витамини бар. Кой, уй, жыл­кы жакшы жейт.