КЕРЕЖ
КЕРЕ́Ж – Ирандын түндүгүндөгү шаар. Тегеран останында. Тегерандын шаар-спутниги. Кереж д-нын боюнда, Эльбурс тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008). Тегеран м-н темир ж-а автомобиль магистралдары аркылуу байланышат. Б. з. ч. 3-к-дын аягынан белгилүү. О. кылымдын кербен-сарайы, шаардын четинде Мехршахр маданий комплекси (Морварид ак сарайы м-н) сакталган. Ядролук изилдөөлөр интуту, жаратылыш ресурстар ил.-из. борбору, а. ч. ун-ти бар. Машина куруу ж-а металл иштетүү (ракета техникасы ж-а газ өндүрүшү ж. б.), хим. (суперфосфат ж. б.), жеңил (текстиль, булгаары-бут кийим) ж-а тамак-аш ө. ж., курулуш материалдар өндүрүшү ж-а шаарга жакын жерде жеңил автомобиль ж-а автобустарды кураштыруучу з-д иштейт.