КЕРБЕН (жүктүү унаалар тобу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРБЕН – соода кылуу максатында узак жол тартуучу жүктүү унаалардын (көбүнчө төөлөрдүн) тобу. К. тарткан адамдар кербенчи, башкарган адам К. башы деп аталган. Баруучу жолду мык­ты билгендиктен, жол баштоо, зарыл нерселер м-н камсыз кылуу К. башынын милдетине кир­ген. К-ди түзгөн жүктүү төөлөрдү 5–9дан чиркеш­тирип, алдыңкысы м-н эң арткысына чоң коң­гуроо тагып, астында бир адам жол баштаса,

артында бир адам жүктөргө көз салып, оогон­кыйшайгандарын оңдоп-түздөп, төөлөрдү айда­ган. К-чилер жол боюндагы К. сарайларга тү­нөшкөн (мис., Борб. Теңир-Тоо аркылуу Улуу Жибекжолуб-чаөткөнК-чи-саякатчыларТаш- Рабат кербен сарайына токтоп өтүшкөн). Ба­йыртадан Ж. Чыгыш ж-а О. Азия, Африка эл­деринде К. м-н соода кылынган саякат жасал­ган. Сооданын өнүгүшүнө, мад-ттын таралышы­на, элдердин өз ара байланышына, жакында­шуусуна зор өбөлгө түзгөн.