КЕРБЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́РБЕЛЬ Лев Ефимович [25. 10 (7. 11). 1917, Украина, Сумы обл., Семёновка кыш. – 14. 8. 2003, Москва] – сов. скульптор, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1950). СССР эл сүрөтчүсү (1977), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1962). Монументалист портретчи. Соц. Эмг. Баатыры (1985). 1962-жылдан Москва көркөм сүрөт ин­тунда окутуучу, проф. (1963) болгон. Көптөгөн аскер адамдарынын, космонавттардын, эмгек­чилердин, окумуштуулардын, мамл. ишмерлер-


Л. Я. Кербель. К. Маркстын эстели­ги. Москва. 1961.

дин портреттерин жараткан: «Жеңиш парады», «Ленинди угуп жатышат» (гипс, 1948–49; СССР мамл. сыйл., 1950); Сов. Союзунун эки жолку Баатыры В. С. Петровдун (мрамор, 1951), Соц. Эмг. Баатыры К. С. Мухтарованын (мрамор, 1954), В. И. Лениндин Горькидеги (гранит, 1959), К. Маркстын Москвадагы (гранит, 1961; Лениндик сыйл., 1962), Карл-Маркс-Штадтта­гы (азыр Кемниц; коло, 1971) ж. б. эстеликтер­дин автору. Ленин ордени м-н сыйланган.