КЕРБЕЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРБЕЛА́ – Ирактын борб. бөлүгүндөгү шаар.
Кербела мухафазасынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Евфрат д-нын өрөөнүндө жайгаш­кан. Шаар аркылуу Багдад м-н Меккени байла­ныштыруучу жол өтөт. Мусулман-шейиттердин ыйык шаары ж-а зыярат кылуучу жайы. Кал­кы 498,3 миң (2008). Ашур майрамы мезгилин­де калкы 3 млнго чейин жетет (негизинен Иран­дан келген зыяратчылардын эсебинен). Ири соо­да-жол тоому. Тамак-аш (кант, жашылча кон­сервалары), жеңил, текстиль, булгаары-бут ки­йим, цемент ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (негизинен диний буюмдар) өнүккөн. К-да 100дөн ашык мечит, 23 медресе, ун-т бар. К. 7-к-да негизделген. Бул шаарда Мухаммед пайгамбардын небереси Кусейиндин күмбөзү (680-ж. ушул жерде өлтүрүлгөн), о. кылымдын арх-ра эстеликтеринен имам Кусейиндин мав­золейи (мечит медресеси м-н; 1991-ж. шейиттер, 2000-жылдын ортосунда террористтер тарабы­нан катуу талкаланып, кийинчерээк калыбы­на келтирилген), Аббас мечит-мавзолейи, акын Физулинин күмбөзү, шаардын айланасында Омейяддардын сарай-капкасынын урандылары сакталган.