КЕРАТОФИР
КЕРАТОФИ́Р (гр. ktras – мүйүз ж-а порфир) – магма тоо теги. Сиенит-трахит тобуна кирет. Сиениттин эффузивдүү палеотиби. Порфирлүү түзүлүштөн турат. Порфирлүү бөлүкчөлөрүнө альбит, биотит, кээде диопсид кирет. Негизинен альбиттин өтө майда микролиттери кездешет. Курамына жараша кварцтуу, ортоклаздуу, кварцсыз К. болуп бөлүнөт. Кырг-нда спилитдиабаз формациясын түзүп, Түн. Теңир-Тоодо (протерозой заманынын акыры м-н кембрийдин башталышы), Түш. Теңир-Тоодо (силур м-н девондун башында) жолугат. К. жанартоо чөкмөлөрүндө кеңири тараган.