КЕПТӨӨР
КЕПТӨӨР , д и ф т е р и я – көмөкөй ж-а коконун былжыр челин сезгендирип, түрдүү органдарды жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Тамакта катуу өңөр пайда болуп, организмдин жалпы уулануусу байкалат. 4–6 жаштагы балдар ооруйт. Аны К. таякчасы козгойт. Козгогуч суукка, кургакчылыкка байымдуу. Оорулуу же бактерия алып жүрүүчү жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекей м-н абага чачырап, соо адамга жугат. Кээде тамак-аш, түрдүү буюмдар аркылуу да жугушу мүмкүн. Козгогуч былжыр челге түшкөндө, токсин (уу зат) бөлүп чыгарып, ал эпителийдин некрозун пайда кылат да, кан тамырларды жабыркатат ж-а фибрин торчосун түзүп, өңөр пайда болот. Токсин канга өтүп, организм жалпы ууланат. Мында көбүнчө нерв ж-а жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөк жабыркайт. Жашыруун мезгили 2–10 күн. Оору козгогучу алкым бездерин, көз, мурун, кекиртектин, чанда кыздын жыныс мү-
чөсүнүн былжыр челин, ымыркайдын киндигин жабыркатат. Алкым К-үндө эт ысып, тамак шилекей, тамак-аш жуткурбай ооруйт. Тамактагы бездер, жумшак таңдай, таңдайдын кичине тилчеси, коко боз, жука өңөр м-н капталат,
шишийт. 5–6-күнү дененин жалпы уулануусу
башталат. Жүрөктүн кагуусу начарлайт, боор
чоңоюп, нерв системасынын иши бузулат, темпра 39°–40°Сге чейин жетет. Оорулуунун жалпы
абалы начарлап, тамыр жай согот, өңү бозорот. Жаак алдындагы лимфа түйүндөрү шишип, ичи
өтөт. Мурун К-үндө мурун бүтүп, суу агат. Оорулуунун абалы көп өзгөрбөйт. Кекиртек К-ү көп учурда жаш балдарда кезигет. К. таякчасынын уусу көпчүлүк органдарга (өпкө, бөйрөк, жүрөк ж-а нервге) таасир этип, оор кабылдоого дуушар кылат. Дарылоодо кан сары суусу куюлат. Алдын алууда негизинен К-гө каршы бардык
дени соо балдар (5–6 айлыктан 12 жашка чейин) эмделет. Ооруну эрте аныктап, ооруканага жаткырып, үйгө дезинфекция жасоо да оорунун таралышын алдын алат.