КЕҢ-СУУ
КЕҢ-СУУ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сан-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түн.-чыгышында, Түп суусунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 51 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 222 км. Калкы 1886 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков туулган.