КЕҢ-КОЛ МАРМАР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ МРА́МОР КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 15 км түн.-чыгышта, Талас Ала-Тоосу­нун түн. капталындагы Кеңкол өрөөнүндө. 1968-ж. табылган. Кен аймагын рифейдеги ме­таморфизмделген тоо тектер түзөт. Мрамор кени сланецтердин арасында жатат. Пайдалуу кат­марлардын калыңдыгы 70–150 мден 330–410 мге чейин, уз. 11,5 км. Өңү боз, күрөң, ак, саргыч боз, кызгылтым саргыч, жол-жол темгилдүү. Блоктуулугу 0,5 м3ге чейин. Жакшы сайкалданат. Запасы 3 млн м3. Кооз буюмдарды жасоого, ду­балды кооздоп каптоого колдонсо болот.