КЕҢ-КОЛ МАРМАР КЕНИ
КЕҢКОЛ МРА́МОР КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 15 км түн.-чыгышта, Талас Ала-Тоосунун түн. капталындагы Кеңкол өрөөнүндө. 1968-ж. табылган. Кен аймагын рифейдеги метаморфизмделген тоо тектер түзөт. Мрамор кени сланецтердин арасында жатат. Пайдалуу катмарлардын калыңдыгы 70–150 мден 330–410 мге чейин, уз. 11,5 км. Өңү боз, күрөң, ак, саргыч боз, кызгылтым саргыч, жол-жол темгилдүү. Блоктуулугу 0,5 м3ге чейин. Жакшы сайкалданат. Запасы 3 млн м3. Кооз буюмдарды жасоого, дубалды кооздоп каптоого колдонсо болот.