КЕҢ-КОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ
КЕҢКОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ – б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымындагы көчмөн ж-а жарык көчмөн калктарга таандык археол. эстелик. Терминди илимге А. Н. Бернштам киргизип, Кеңкол көрүстөнүнүн атынан атаган. Эстеликке таандык мүрзөлөр дромос (өткөөл курулма) ж-а жарма көрдөн тургандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Өткөөл курулма тик бурчтуу ж-а узун келип, ага перпендикулярдуу жайгашкан жарма көргө барып такалат. Андан көргө кирүүчү жери тегерек түрүндө болуп, ал жер таш такта же чийки кыш м-н жабылган. Жарма көр сүйрү келип, өлчөмү кыйла чоң. Сөөк жерде, төшөлмө тактайда же жыгач табытка коюлган. Сөөк бирден, экиден, кээде топ-тобу

м-н көмүлгөн. Сөөк м-н кошо карапа ж-а жыгач идиштер, жыгач отургучтар, темир бычак, бүлөө, жаргылчак, асем буюмдар, жаа, учу темир жебе, канжар, кылыч, зоот кийим, калкан ж. б. табылган. К. м. э-не тиешелүү көрүстөндөргө коюлган адамдар антропол. жактан ев-
ропеоид тибине кирип, бирок моңголоид белгилери да бир топ болгон, көбүнүн баш сөөгү атайылап деформацияланганы байкалат. Кеңкол мад-тына кирген уруулардын этностук табияты алигиче тактала элек. Бул мад-тка тиешелүү көрүстөндөр Талас, Кетмен-Төбө, Фергана, Чаткал, Алай, Борб. Теңир-Тоо, Чүй өрөөндөрүндө ж. б. жерлерде кезигет.
Ад.: Кожомбердиев Ы. Катакомбные памятники Таласской долины // Археологические памятники Таласской долины. Ф., 1963.