КЕҢКОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ – Талас д-нын оң куймасы. Талас р-нунун аймагында. Уз. 35 км. Алабынын аян­ты 406 км2, орт. бийикт. 2540 м. Кыргыз Ала- Тоосунун батышындагы Башкы-Суу ашуусунан башталып, негизги кырка тоо ж-а ага жарыш жаткан түш. тармагы – Кара-Жылга тоосунун ортосу м-н агат. Кара-Жылга тоосу жак өндүрү тик. Өрөөнү тепши сымал. Ири куймалары: Бо­том-Чал, Жошо, Чокой, Терек, Чачыкей, Кор­гон-Таш. Көп жылдык орт. чыгымы 2,39 м3/сек, эң көбү 4,14 м3/сек, эң азы 0,77 м3/сек. Суу май– июнь айларында кирип, августта тартыла баш­тайт. Жаан-чачындан гана куралган суу. Талас өрөөнүнө чыккандан кийин 4 сугат каналына бөлүнөт. Боюнда Таш-Арык, Орто-Арык, Ак- Жар кыш. ж-а Манастын күмбөзү жайгашкан.