КЕҢИРИ АЙМАКТЫК ТАРМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢИРИ АЙМАКТЫК ТАРМАК , г л о б а л д у у к о м п ь ю т е р т а р м а г ы [англ. Wide Area Networks (WAN)] – геогр. аймакты (шаар же мамлекет) камтыган ж-а телефон кабелдерин, жердин жасалма жандоочусун ж. б. байланыш каналдарынын бирикмесин колдонгон компью­тердик тармак. К. а. т-тарды тейлөө жеке же мамл. болушу мүмкүн. Берилиштердин элект­рондук системалары, мис., кеңири жеке байла­ныш-катыш тармагын калыптандырып алып, ишкердик компьютер кызматынын талабын камсыз кылат.