КЕҢ-АҢ ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-АҢ ТУЗ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун То­гуз-Торо р-нунда, Кең-Аң сайынын башталы­шында, деңиз деңг. 2200–2300 м бийикте. На­рын свитачасынын (калыңдыгы 15–35 м) туз­дуу чопо катмарынын арасында 3 мге жеткен галит кабаты кездешет. Галит күңүрт түстө, ири кристаллдуу. Хлордуу натрийдин орт. өлчөмү 65,11%. Запасы С2 категориясы б-ча 175 миң т.