КЕНТАШ ФОРМАЦИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ ФОРМАЦИЯЛАРЫ – тектон. ири түзүлүштөгү (антиклинорий, синклинорий, ан­теклиза, ортоңку массив, калкан, терең жара­калар), бирдей генезистеги, бир же бир нече кен­таштан турган зор аймак. Бир нечеси биригип, кенташтуу провинцияны түзөт. Бүктөлүү айма­гындагы тектон. терең жаракалар м-н тыгыз бай­ланышта болуп, узатасынан созулуп жатат. Уз. ондогон, миңдеген кмге, туурасы бир нече кмден жүздөгөн кмге жетет. Катмар түрүндө бүтүндөй бир аймакты ээлеп жатса кенташ бассейни деп аталат. Пайда болуу мезгилине, геол. түзүлүшүнө, тектон. процесстерге жараша кенташтуу район­дорго, талааларга, зоналарга бөлүнөт.