КЕНТАШ ТУЛКУСУ
КЕНТАШ ТУЛКУСУ – кенташтын ар кандай
түрдөгү турпаты. Кенташ м-н ага жанаша орун алган тоо тектердин чек арасы акырындык м-н же кескин өзгөрөт. Ошол себептен кенташтын турпатын так аныктоо бир топ кыйын. Мындай учурда сынамык алып, чек арасы такталат. К. т. изометрлүү, жалпак, созулма келет. И з ом е т р л ү ү турпаты минералдык заттардын бир жерге топтолушунан пайда болот, мис.,
шток, штокверк, уя. Кичинелери 1–3 мден ашпайт. Ж а л п а к түрү – катмар, кабат, тарам,
линза. Чөкмө кенташтар жөнөкөй ж-а татаал кабаттан турат. Татаалы тоо тектер м-н аралашып кетет. Т а р а м д а ш к а н тулку минералдык заттардын жаракаларга топтолушунан же мегасоматоз процессинен келип чыгат. Бир нече тарам биригип, к е н т а ш м а м ы с ы н
түзөт. Л и н з а – төө буурчак сыяктуу тулку.
Эгер кенташ узатасынан созулуп жатса, с оз у л м а турпатка ээ болот. Тектон. жаракаларды бойлой орун алат. Жогорку темп-радагы ысык магма, суу буулары, газдардын жарылуусунан ж а р ы л у у т ү т ү г ү орун алат, мис., Сибирь, Түш. Африка алмаздуу кимберлит түтүгү, к. Кимберлит.