КЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТ , к е н д – 1) эл отурукташкан жер, чоң кыштак, шаар; 2) сепил, коргон. Согд жазуула­рында ж-а араб геогр. эмгектеринде «кат» тү­рүндө жазылып, «үй» маанисин берген. «Кент» («кат») байыркы термин катары бүтүн О. Азия­да, о. эле Чыгыш Түркстанда, Иран ж-а Афган­станда энчилүү ат катары кеңири таралган. «Кат» түшүнүгү хинд-европа, финн-угор, монгол тил­деринде да пайдаланылат (мис., украинче «ха­та» түшүнүгү да «кат» сөзүнөн алынган). «Кент» энчилүү аттарда да «кан», «кенд», «кат» түрүндө кездешет. Кырг-нда Ноокат, Торкент, Ноокен, Өзгөн (Узкендт), Бешкент ж. б., О. Азияда Чымкент, Ташкент, Самарканд ж. б. белгилүү.