КЕННЕДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́ННЕДИ Жон Фитцжералд (29. 5. 1917, Брук­лин, Массачусетс штаты – 22. 11. 1963, Техас, Даллас) –

мамл. ж-а саясий ишмер, АКШнын 35-президенти (1961–63), миллионер католиктин үй-бүлөсүнөн. 1940-ж. Гарвард ун-тин бүтүргөн. 1941–45-ж. АКШ АДФте флот офицери, 1947– 61-ж. АКШ демокр. партиясынан АКШ Конгрес­синин өкүлдөр палатасына мүчө, 1953–61-ж. Мас­сачусетс штатынан Сенаттын мүчөсү, Президент катары социалдык-экон. реформалардын чек­телген программасын сунуш кылган. Согуштук блокторду ж-а АКШнын куралдуу күчтөрүн чың­доого аракеттенген, о. эле дүйнөдөгү күчтөрдүн өз ара катышынын өзгөрүшүн эске алып, СССРге реалдуу мамиле жасоого үндөгөн. АКШнын реак­циячыл чөйрөлөрү Далласта атып өлтүрүшкөн.