КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ – кен байлыкты ка­зып алууга даярдоо, казып алуу, жүктөө, та­шуу жумуштары. Чалгындоо иштери жүргүзүл­гөн, тех.-экон. шарты аныкталган, казып алууга ылайыкталган учурда тоо-кен ишканаларын, турак-жай, маданий-тиричилик мекемелерин, ар кандай курулуштарды куруу маселелерин ишке ашыруу ыкмалары. Кендин тибине, өлчөмүнө, орун алган шартына, казмалардын түрүнө, сапа­ты м-н ө. ж-лык запасына жараша көптөгөн тоо-кен ишканалары (шахта, рудник, карьер) ишке киргизилет. Шахта же карьер талаасы аныкталат. Шахта талаасы өз ичинен кабат­тарга, панелдерге, блокторго бөлүнөт. Өткөөлдөр даярдалат. Бекиткичтер тургузулат, кендерди тоо тектеринен бөлүү, тазалоо иштери жүргү­зүлөт. Кен казылып алынгандан кийин анын ордунда пайда болгон боштуктар да пайдаланы­лат. Мында үңүлмөгө жакын жердеги жумуш­чулар м-н жабдуулар жайгашкан боштук үңүлмө жанындагы жумушчу боштугу деп аталат. Жу-


мушчу боштугунун айланасындагы тектердин жылып же урап кетүүсүнөн сактануу үчүн тоо­кен басымы аныкталат. Боштук бекитилет, уратылат. Жер астында иштөө үчүн атайын ме­ханизмдер колдонулат. Казылган кендер кулап түшөт же вагондорго жүктөлөт. Анан стволдо­гу аянтка жеткирилет. Конвейерлер м-н ташы­лат. Көтөргүч механизмдер ствол аркылуу сырт­ка чыгарат.


Ад.: Белоусов В. В. Структурная геология. М., 1986; Круть И. В. Развитие общенаучных оснований геоло­гии. М., 1995; Месторождение металлических полез­ных ископаемых. 2-е изд. М., 2005; Старостин В. И., Игнатов П. А. Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006.