КЕНИЯ (мамлекет)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́НИЯ , К е н и я Р е с п у б л и к а с ы – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түш.-чыгышы­нан Инди океаны, түш.-батышынан Виктория көлү м-н чулганып, түндүгүнөн Судан ж-а Эфио­пия, чыгышынан Сомали, түштүгүнөн Танзания, батышынан Уганда м-н чектешет. Аянты 581,8

миң км2. Калкы 35,1 млн (2008). Борбору – Най­роби. Расмий тили – англис ж-а суахили тилде­ри. Акча бирдиги – К. шиллинги. Адм.-айм. жактан 8 провинцияга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

К. – БУУнун (1963), Шериктештиктин (1963), Африка союзунун (1963), ЭВФтин (1964), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – унитардык мам­лекет. 1963-ж. 12-декабрда Конституциясы ка­был алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет башчысы – прези­дент (5 жылга шайланат). 35 жаштагы К-нын жараны президенттикке шайланууга укуктуу.
Мыйзам чыгаруу бийлиги – бир палаталуу пар­ламент – Улуттук ассамблеяга таандык (5 жылга шайланып, 224 депутаттан турат) Өкмөт прези­дент, премьер-министр (2008-жылдан) ж-а ми­нистрлерден турат. К-да көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары – Улуттук би­римдик партиясы, Сары кызыл демокр. кый­мылы.

Табияты

. К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү Чыгыш Африка бөксө тоосунун түн.-чыгыш бө­лүгүндө жайгашкан. Деңиз деңг. орт. бийикт. чыгышында 500 мден, батышында 1500 мге че­йин. Бөксө тоонун борб. бөлүгү аркылуу тек­тон. ойдуңдардын кууш тилкеси (Чыгыш Аф­рика риф системасынын чыгыш тармагы) өтөт; ал ойдуңдардын айрымдарына суу толуп, көлдөр (Рудольф, Баринго, Магади) пайда болгон. Ойдуң­дар чыгышынан ж-а батышынан бийик кырка тоолор (чыгышынан Абердэр, эң бийик жери 4000 м; батышынан Мау ж-а Элгейо, 3000 м), жанартоо массивдери (5199 м, Кения чокусу – К-нын эң бийик жери) ж-а лава платолору м-н торолгон. К-нын батыш бөлүгүн калдык тооло­ру бар бийик келки бөксө тоо ээлейт. Чыгы­шында бөксө тоо аккумуляциялык жээк түз­дүгүнө (жазылыгы 50–200 км) тепкичтенип түшөт.
К-нын аймагы кембрийге чейинки кристалл­дык ж-а метаморфизмделген тоо тектерден (гра­нит, гнейс, кварцит, кристаллдык сланец) түзү­лүп, жаракалар зонасы кайнозой лавалары м-н капталган. Жээк түздүктөрү мезозойдун ж-а нео­ген-төртүнчүлүк мезгилдин деңиз чөкмөлөрүнөн турат. Табигый сода ж-а флюорит кендеринин запасы мол; цемент, курулуш акиташ теги, диа­томит, бентонит, каолин, вермикулит, гипс, та­лаа шпаты, айнек ж-а курулуш куму, баалуу таштардын (аметист, аквамарин, кордиерит, жа­шыл гранат, рубин, сапфир, турмалин) ө. ж-лык мааниси бар. Алтын, темир, ниобий, сейрек жер элементтери, коргошун, күмүш, никель, титан­циркондуу оор кум чачыранды кендери да бел­гилүү. Геотерм ресурстарынын запасы да мол.
К-да субэкватор климаты үстөмдүк кылат; аймагы кыйла бийик жайгашкандыгына бай­ланыштуу өтө ысык эмес, ным салыштырма­луу жетишсиз. Тайпак тоодо темп-ранын сут­калык өзгөрүүсү зор, климаттын бийиктик ал­кактуулугу даана байкалат. Июлдун орт. темп­расы жээк бөлүгүндө 24–25°С, тоолуу аймактын борб. бөлүгүндө 12–15°С, батышында 22°С; ян­вардыкы ошол эле тартипте 27°С, 14–18°С, 24°С. Экваторго жакын жаан-чачындуу 2 сезон (март– апрель ж-а ноябрь–декабрь) болот; түндүгүндө ж-а түштүгүндө жаан-чачындын жайкы макси­муму даана байкалат. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү өлкөнүн эң кургакчыл түн.-чыгы­шында 250 ммден батышында ж-а түш.-баты­шында 1500–2000 ммге чейин. Кения тоосунда (4700–4800 м бийикте) төр ж-а өрөөн тибиндеги ондон ашык чакан мөңгү бар. Мөңгүлөрүнүн бардыгы чегинип баратат. Дарыялары сейрек, суусу аз; түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында агым айрым сезондо же мезгил-мезгили м-н пайда болот. Ири дарыялары – Тана, Галана Инди океанынын алабына кирет. Өлкөнүн борб. бөлү­гүндөгү ойдуң суусу сыртка агып чыкпаган туюк облуска кирет. Көлдөрүнүн Викториядан баш­калары (Викториянын акваториясынын чыгыш бөлүгү К-нын чегинде) туюк, тектон. кыймыл­дан пайда болгон (Рудольф, Баринго, Магади ж. б.) көлдөр.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн феррозём топу­рактары ээлейт, чыгышында ж-а түн.-чыгы­шында шор жерлер да кездешет. Тоолоруна кы­зыл ферралит, Инди деңизин жээктей күңүрт түстөгү силитозём топурактары мүнөздүү. Фло­расынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 6000 түрү бар; алардын 150дөн ашуун түрү сейрек ж-а жоголуп бараткандар. Токой ж-а сейрек то­кой өлкөнүн аймагынын 30%ин ээлейт. Эң кур­гакчыл түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүнө тикен­дүү токой ж-а бадалдар, ксерофилдик сейрек то­кой мүнөздүү. Алар түштүктү карай өлкөнүн ба­сымдуу бөлүгүн ээлеген чөлдөшкөн саваннага (ньикага) өтөт. Өлкөнүн нымдуу батыш бөлүгүн­дө негизинен экинчи жолку өскүлөң саванна ж-а парк сымал тараган токой басымдуу. К-нын борб. бөлүгүндө баалуу дарактарга бай дайыма жашыл нымдуу тоо токою, Кения ж-а Элгон тоолорунун кырларында африка-альп өсүмдүк­төрү өсөт. Жээктей мангр токойлору кездешет. К-нын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт; анда сүт эмүүчүлөрдүн 400дөн, куштардын 1100дөн, сойлоочулардын 360тан,

Саванна.
Богория көлү – эл аралык маанидеги суу-саздуу жер.

жерде-сууда жашоочулардын 75тен ашык түрү мекендейт. Саванналарда ар түрдүү туяктуулар көп; алар көңдөй мүйүздүүлөр (африка буйволу, гну антилопасы, орикс, топи, стенбок, бушбок, жейрен ж. б.), о. эле африка пили, кара керик, жираф, зебра ж. б.; жырткычтардан арстан, кабылан, кара кулак шер, каракал ж. б. кезде­шет. Саваннанын орнитофаунасына африка төө кушу, бүркүт-турна, тоодак ж. б. мүнөздүү. Ру­дольф көлүндө нил крокодилинин эң ири попу­ляциясы бар.
Коргоого алынган көптөгөн табигый аймак­тар өлкөнүн 6% аянтын ээлейт; резерваттары: Амбосели, Масаи-Мара, Нгонг, улуттук парк­тары: Маунт-Кения, Найроби, Цаво ж. б.; де­ңиз фаунасын ж-а коралл рифинин экосистема­сын коргоо максатында деңиз акваториясын коргоого алган 11 участок уюшулган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Рудольф көлүн­дөгү 3 улуттук парк, Маунт-Кения улуттук пар­кы кирет. Эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерге 6 көл киргизилген. 1980-жылдын аягы­нан баштап К-дагы жоголуп бараткан жаны­барлардын (африка пили, кара керик, хантер бубаласы ж. б.) түрлөрүн коргоо б-ча улуттук программа ишке ашырылууда.

Калкы

. К-нын калкынын басымдуу бөлүгү (64,6%) – бантулар; алар негизинен өлкөнүн түштүгүн ж-а түш.-чыгышын мекендейт. Батыш­та нилоттор (калктын 30,4%и), чыгышта ж-а түш.-чыгышта кушиттер жашайт. Арабдар 0,3%ти, Европадан ж-а Америкадан келгендер 0,2%т и, Тү ш.-Чыгыш Азия дан келгендер 0,5%ти түзөт. Калктын табигый өсүүсү 2,8% (2007). Төрөлүү (1000 адамга 39 бала) өлүм-жи­тимден (1000 тургунга 11 адам) 2 эсе ашык. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 42,1%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 55,3%ти, 65 жаштан ашкандар 2,6%ти түзөт. Калктын орт. курагы 18,6 жыл. Эркектер м-н аялдардын саны тең чамалаш. Күтүлгөн орт. жашы 55,3 жыл (эркектердики 55,2, аялдарды­кы 55,4). Калктын орт жыштыгы: 1 км2 жерге 60,4 адам (2007); Түн.-Чыгыш провинциясында сейрек (11,2 адам), Батыш провинциясында эң жыш (524,9 адам) отурукташкан. Шаар калкы 30%тей. Ири шаарлары (2007): Найроби (3038,6 миң), Момбаса (867,0 миң), Накуру (271,0 миң), Элдорет (239,7 миң), Кисуму (225,5 миң). Адам­зат өнүгүүсүнүн индекси 0,521 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 148-орунда; 2005).

Тарыхы

. К. аймагынан адамзат тарыхынын эң байыркы эстелиги – Кооби-Фора тургун жа­йы, көп катмарлуу ашель мад-на ж-а неолит дооруна таандык тургун жайлар табылган. 1- миң жылдыктын ортосу ченде К. аймагына бан­тулар отурукташып, эң жөнөкөй дыйканчы­лык, аңчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесип­тенишкен, Инди океанынын жээгинде жашаган­дар соода (пил сөөктөрүн атма куралдарга, кол өнөрчүлүк буюмдарына алмашышкан) кылыш­кан. 7–8-к-да суахили этностук жамааты ка­лыптанып, арабдар м-н алакалашып турган, 9– 10-к-да шаар-мамлекеттер (Манда, Пате, Малин­ди, Момбаса, Ламу шаар-архипелагы ж. б.) пай­да болуп, ислам дини тараган. 15-к-дын аягын­да шаар-мамлекеттерди португалдар басып ал­ган. 1696–99-ж. К. жээктери Оман имамынын карамагына өткөн. 1741-ж. Момбасада уюшул­ган жерг. Мазруи араб-суахили кланы көз ка­рандысыздыгын жарыялап, К. жээк аймакта­рына бийлигин орноткон. 19-к-дын башында Ламу ж-а Патеде Оман бийлиги калыбына кел­ген. 1861-ж. К. жээктери Занзибар султанды­гынын курамына кирген. 19-к-дын 1-жарымын­да К-да Европа мамлекеттеринин, баарынан мурда Улуу Британиянын экспанциясы баштал­ган. 1886-ж. Улуу Британия м-н Германиянын ортосунда Чыгыш Африканы бөлүштүрүү ж-дө түзүлгөн келишимдин негизинде К-нын көп бөлүгү Улуу Британияга караган. К-нын бүткүл аймагы «британ королунун менчиги» деп жа­рыяланып, К-ны колониялоо күчөгөн. 20-к-дын башында европ. келгиндер мыйзамдуу түрдө жер ээси болушкан. Африкалыктар европалыктар­дын жеринде ижарачы катары гана жашап, алардын үлүшү 1 гадан ашкан эмес. К. калкы­нын колониячыларга көрсөткөн катуу каршы­лыктарын британдык жазалоо экспедицияла­ры аёосуз басып турган. 1920–40-жылдары К-да уюмдашкан алгачкы саясий кыймыл пайда бол­гон. 1924–25-ж. Кикуйю ассоциация борбору, 1944-ж. К-лык африкалыктар союзу (КАС) түзүлүп, европалыктар тартып алган жерди аф­рикалыктарга кайтарып берүүнү талап кылган. 1952-ж. октябрда К-га британ. аскер күчтөрү кир­гизилип, колония саясатына каршы чыккан ку­ралдуу көтөрүлүштү баскан (1957). КАСка тыюу салынып, лидерлери камалган. Бирок Улуу Бри­тания К-га айрым жеңилдиктерди (жумушчу­лардын эмгек акысы көтөрүлгөн, саясий партия­лардын ишине, африкалыктарга шайлоого ка­тышуу укуктары берилген ж. б.) берүүгө арга­сыз болгон. 1960-ж. К-лык африкалыктардын улуттук союзу (КАУС) түзүлгөн. 1963-ж. 1-июн­да Ж. Кениата жетектеген К-нын биринчи

өкмөтү уюшулган. 1963-ж. 12-декабрда К. көз карандысыз мамлекет, 1964-ж. 12-декабрда Шериктештик курамындагы респ. болуп жарыя­ланган. Өлкө президенттигине Ж. Кениата, вице-президенттигине А. О. Одинга шайланган.
Өлкөдө экон. ж-а агрардык реформалар жүргү­зүлгөн. 1970-ж. коомдук-саясий иштердин бар­дык түрү мамл. көзөмөлгө өтүп, парт. ж-а мамл. аппараттар биригип, Кениатанын жеке бийли­ги чыңдалган. 1978-ж. Кениата өлгөндөн ки­йин Д. Т. арап Мои К-нын президенти ж-а КАУС-тун төрагасы, М. Кибаки вице-президенти бо­луп дайындалган. 1982-ж. Конституцияга өзгөр­түүлөр киргизилип, өлкөдө бир партиялуу сис- тема орун алган. 2002-ж. оппозициялык партия­лардын Улуттук коалициясы (лидери М. Киба­ки) түзүлүп, 2002-ж. 27-декабрда президенттик шайлоодо жеңип чыккан. М. Кибаки ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнөлүк банк м-н кызматташып, өл­көгө акысыз башталгыч билим берүүнү киргиз­ген. 2003–05-ж. оппозициялык партиялардын коалициясы Р. Одинга (А. О. Одинганын уулу) жетектеген Сары кызыл демокр. кыймылына (СДК) бириккен. 2007-ж. президенттик шайлоо алдында Кибаки Улуттук биримдик партиясын (УБП) түзүп, шайлоодо жеңишке жеткен. Би­рок оппозиция президенттик шайлоонун жы­йынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү талаптары м-н элди массалык каршы­лык көрсөтүү акциясына чакырган, натыйжа­да бир миңден ашык адам өлүп, 300 миңдей адам үй-жайсыз калган. БУУнун мурдагы генералдык катчысы К. Аннандын күч-аракети м-н 2008-ж. февралдын аягында саясий кризис жөнгө са­лынган. Апрель айында СДК ж-а УБПнин өкүл­дөрүнөн коалициялык өкмөт түзүү ж-а Один­ганы премьер-министрликке дайындоо ж-дө ма­кулдашууга жетишилген.

Чарбасы

. ИДПнин көлөмү 57,7 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан туура келет. ИДПнин накта өсүү­сү 6,3%. Тейлөө чөйрөсүндө ИДПнин 59,5%и, а. ч-нда 23,8%и, ө. ж-нда 16,7%и түзүлөт.
Ө. ж-нда минералдык сырьёлорду өндүрүүнүн мааниси зор: флюорит (экспорттун 17%и), сода (наркынын 63%и), алтын (11%, 616 кг), баа­луу таштар (рубин, сапфир, турмалин, аметист). О. эле Магади көлүнөн ж-а Инди океанынын жээгинен таш туз казылып алынат. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 1,1 миң МВттан ашык (2005). Өндүрүлгөн электр энергиясынын өлчөмү 5,5 млрд кВт· с, өлкө ичинде керектелгени 4,5 млрд кВт· с (2005). Он ЖЭС, Тана д-нда ГЭС, Найваша көлүнөн түш­түктө геотермиялык ЖЭС иштейт. Кара метал­лургия импорттук сырьёнун негизинде: 4 болот прокат з-ду, цинктелген болот тунике, галва­ника өндүрүшү иштейт. Автомобиль курашты­руу ишканалары, нефть иштетүүчү з-д (импорт­тук сырьё) бар. Химия ө. ж. кальцийлештирил­ген сода, автомобиль ж-а велосипед шиналарын (импорттук каучуктан) чыгарат. Жыгач иш­тетүүчү, эмерек даярдоочу ишканалар, өлкөдөгү эң ири целлюлоза-кагаз комбинаты, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Цементтик ж-а курулуш акиташ теги, гранит, сланец, као­лин, гипс, айнек ж-а курулуш куму ж. б. казы­лып алынат. Ири цемент з-ддору иштейт. Текс­тиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш (эт-сүт, ун, кант, суусундук, пиво, чай, кофе), тамеки чы­гаруучу ө. ж. ишканалары өнүккөн.
Агр. өндүрүшү өлкөнүн экономикасында маа­нилүү орунду ээлейт; ал негизинен экспорттук багытта. Өлкөнүн аймагынын 8%тен ашык аянтын айдоо жер, 40%тейин жайыт ээлейт. А. ч-га жарактуу жери негизинен өлкөнүн борб. ж-а батыш бөлүктөрүндө; К-нын түш.-чыгышын­дагы жээк түздүктөрү дүйнөдөгү чай өндүрүүчү бирден бир регион болуп саналат (2005-ж. 295 миң т чай жалбырагы жыйналган; ал б-ча К.

Чай плантациясы.

дүйнөдө 4-, Африкада 1-орунда); 90%и экспорт­ко чыгарылат. Экспорт үчүн о. эле бал камыш, жүгөрү, буудай, кофе, сизаль, пахта, пирет­рум (К. дүйнө өлкөлөрүнүн 70%ке чейинки мук­таждыгын камсыз кылат), ички керектөөгө картөшкө, маниок, ананас, батат, жашылча, плантейн (жашылча банан), ак жүгөрү, таруу өстүрүлөт. Африкадан экспортко чыгарылуучу гүлдүн 60%и К-га таандык (негизинен роза, чеге гүл). 2004-ж. 26 млн үй кушу, 12 млн бодо мал, 12 млн эчки, 10 млн кой, 830 миң төө, 415 чоч­ко болгон. Балык кармалат. Жыгач даярдоо өнүккөн; тез өсүүчү дарактар (кипарис, кызыл карагай, бал карагай (кедр), эвкалипт ж. б.) өстүрүлөт.
Тейлөө чөйрөсүнүн туруктуу өнүккөн тарма­гы – чет элдик туризм (дарылоо-ден соолукту чыңдоочу – Инди океанынын жээгиндеги кум­дуу пляждар, экол. – улуттук парктарды ж. б. кыдыруу); ал валютанын негизги булагы болуп саналат. Жыл сайын К-га 1 млнго жакын ту­рист (негизинен Улуу Британия м-н Германия­дан) келет; туризмден түшкөн киреше 600 млн­дон ашык долларды түзөт. Банк-кредиттик сис­тема Кения Борб. банкын, 50дөн ашык коммер­циялык банкты, Британия банктарынын фи­лиалдарын камтыйт. Найробиде өлкөдөгү эң чоң биржа иштейт (1954-жылдан).
Транспорт тармагы өнүккөн; автомобиль жо­лунун уз. 63,3 миң км, т. ж-нуку 2,8 миң км. Негизги т. ж. магистралы – Момбаса – Найро­би – Тороро (Уганда м-н чек арасы). Негизги порттору: Момбаса, Кисуму (Виктория көлүнүн жээгинде). Найроби, Момбаса, Элдорет ш-нда эл аралык аэропорттор бар. Продукту өткөргүч куу­ру (уз. 894 км) Момбаса ш-ндагы нефть кайра иштетүүчү з-ддон Найробиге (андан ары Накуру аркылуу Элдорет, Кисумуга) чейин созулат.
Өлкөнүн экспортунун наркы 3,8 млрд, импор­тунуку 7,6 млрд доллар (2007). Экспорттук не-

Кениянын акчасы – шиллинг.

гизги продукциялары: чай (наркынын 20%и), гүл, кофе, пиретрум, бал камыш, балык, цемент, минералдык сырьёлор (негизинен флюорит, сода, асыл таш сырьёлору). Экспорт б-ча негизги соо­да шериктери (2006): Уганда, Улуу Британия, АКШ, Нидерланд, Танзания, Пакистан. Бирик­кен Араб эмирликтеринен, Индия, Кытай, Сауд Арабиясынан, АКШ, ТАР, Улуу Британия, Япо­ниядан машина, жабдуу, транспорт каражат­тарын, нефть ж-а нефть продуктуларын, химия ө. ж. продукцияларын сатып алат.

Маданияты

. К-нын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (3 жаштан 5 жашка чейин), милдеттүү түрдө акысыз баштал­гыч мектептерди (8 жылдык), орто мектептер­ди (4 жылдык), кесиптик-тех. окуу жайларды ж-а ЖОЖдорду камтыйт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 59,2% түзөт (2005). Кесип­тик-тех. окуу жайлар, политех., пед., юрид., мед. ж. б. коллеждер (ин-ттар), ил. мекемелер, ЖОЖ-дор, китепкана ж-а музейлер негизинен Найро­би, Момбаса, Элдорет ж. б. ш-да жайгашкан. Негизги ЖОЖдор: Нжородогу Эжертон ун-ти (1939), Элдореттеги Мои ун-ти (1984); Момбасада Калк китепканасы (1903), Кисум, Китал, Ламу ж. б. ш-да К. улуттук музейинин филиалдары, Руируда кофе (1949) ж-а Керичодо чай (1951) изилдөө, Тикеде Багбанчылык улуттук изилдөө (1955) борборлору бар.
Жумасына «Kenya Gazette» (1898-жылдан) өкмөттүк басылмасы ж-а күнүгө «The Standart» (1902), «Daily Nation» (1959), «Kenya-Times» (1983), «People´s Daily» (1992) гезиттери англис, «Taifa Leo» (1960), «Taifa Kenya» (1958) ж. б. гезиттери суахили тилинде чыгат. Өкмөттүк маалымат агенттиги – Kenya News Agensy (KNA, 1963-ж. түзүлгөн). 1927-жылдан радио уктуруу, 1962-жылдан телеберүү иштейт.
К-нын а д а б и я т ы суахили ж-а англис тилдеринде өнүккөн. 17–18-к-да алгачкы жаз­ма (негизинен баатырдык, диний, дидактика­лык поэмалар) эстеликтер суахили тилинде пай­да болгон. Акындар Муяка бин Хаджи аль Гас­сани ж-а Мван Купондун чыг-лыгы 19-к-га таан­дык. Суахили прозасы 20-к-дын ортосунан ка­лыптана баштап, Ж. Н. Сомба, А. Жемаадара, С. Вамбуранын повесттери жаралган. 1952–56- ж-дагы Мау-Мау көтөрүлүшү П. Кареитанын «Белгиси жок мүрзө» (1969), П. Нгаренин «Өзүң айык» (1975), К. Сьямбонун «Жамандыктын ку­чагында» (1976) тарыхый романдарында чагыл­дырылган. 1970–80-жылдарда детектив жанры (З. Бурхани, С. Омар Саид чыгармалары) пайда болгон. Социалдык проблемалар Г. Левинин «Ачуунун кесепети» (1981) романында чагылды­рылган. К-да англис тилиндеги ад-т 20-к-дын 1-жарымынан калыптанган: Парменас Мокери, М. Коинанге, Ж. Кениата, М. Гикару ж. б. Нгу­ги ва Тхионго, Ч. Вачиума, А. М. Иманьяра, Л. Нгуйи ж. б. тарыхый темага кайрылышкан. Ю. Давуддин реалисттик прозасы, о. эле саясий роман (В. Мутаха, Ф. Генга-Идова) ж. б. кеңи­ри белгилүү болгон. 1960-жылдардан англис ти­линдеги поэзия өнүгө баштап, анда социалдык, саясий, филос. лирика басымдуулук кылган. 1971-жылдан Найробиде «Африкалык акындар» сериясында антологиялар ж-а ыр жыйнактары жарык көргөн. «Өрөөндөгү жаңырык» (2000) деген чыгыш-африкалык поэзиянын антология­сында И. Макоха-Накайо, Н. Алусала, О. Ор­венжо ж. б. К. акындарынын чыгармалары кам­тылган.
К. аймагында о. кылымдарга таандык археол. эстеликтер (таштан курулган мал короо, үстүнө таш үйүлгөн мүрзөлөр, сугат каналдарынын из­дери ж. б.) сакталып калган. 7-к-да араб тибинде салынган Геди, Малинди, Унгвана, Мнарани, Таква, Момбаса ж. б. ири шаарлар пайда бол­гон. Чарчы түрдөгү мечиттер курулган. Имарат­тарды курууда коралл ташы ж-а кызыл чопо колдонулган. 16-к-га таандык Момбасадагы Иисус форту ж-а Малиндидеги Васко да Гама­нын таш колоннасы сакталган. 20-к-да Най­роби ж. б. ш-да европ. стилдеги имараттар, кот­теждер, виллалар тургузулган. Арх-ралык ку­рулуштарды европалыктар жетектеген. К-лык­тар жыгачтан, чоподон (маска, статуэтка ж. б.) ар кандай буюмдарды жасап, оймо-чийме түшү­рүшөт.
К. муз. мад-тынын негизин банту, нилот, ку­шит, суахили элдеринин салты түзөт. Ата-баба­сынан бери музыкант болгондорду көз ачыктар деп жогору баалашкан. К. музыкасына араб, инди, колониялаштыруудан баштап европа


музыкасы таасир тийгизген. 19-к-дын аягынан шаарларда аскердик үйлөмө оркестр, жаз-банд, муз. ансамблдери, 20-к-дын ортосунан амер. музыка ж-а кубалык румба, бенга кеңири та­раган. Белгилүү музыканттар: М. Ж. Боско, О. Кайамба, Л. Тутуту, Ж. Самбу, Д. Катуга ж. б. 1960-жылдардан К. улуттук муз. мад-тка мамлекет колдоо көрсөтөт. Мектеп програм­маларына музыка ж-а бий сабактары кирген. 1974-ж. Кениата ун-тинин алдында муз. мек­теп ачылган. Улуттук муз. салтты «Кения жы­ландары» ыр ж-а бий ансамбли, «Муунгано» улуттук хору өнүктүрөт. К. улуттук музыка изилдөөчүлөр – Х. О. Аньюмба, В. А. Омонди.
К-да муз.-бий ансамблдери арбын. 1948-жылдан Найробиде Д. Маул негиздеген англис театры иштейт. 1952-ж. Найробиде Улуттук театр, 1997-ж. «Гаара» бий тобу түзүлгөн. 1963-ж. К. өз алдынчалыкка ээ болгондо Найробиде жаңы театр коллективдери пайда болгон, а. и. «Чем­чеми» труппасы эң белгилүү, негиздөөчүсү ж-а жетекчиси – Э. Мпахлеле. 1970-ж. Улуттук театр труппасы түзүлгөн.


Ад.: Филатова И. И. История Кении в новое и новейшее время. М., 1985; Африка. Энциклопеди­ческий справочник. М., 1986; Матвеева Н. Ф. Кения.
Справочник, 3-е изд. М., 2004; Кения // Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.