КЕН ИШТЕТҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ИШТЕТҮҮ – жер кыртышындагы кен бай­лыктарды өндүрүп алуу иштери. Адегенде кен байлыктар геол. жактан толук изилденет. Кен­ди издөө ж-а чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы, сапаты аныкталат. Казып алуудагы экон. жактары, кен казып алуучу ишкананын кубаттуулугу, иштетүү ыкмалары каралат.
Чалгындоодо геофиз., геохим. ж. б. ыкмалар колдонулат. Бардык жактан толук изилденип бүткөндө, долбоордун негизинде кен казыла баш­тайт. Жер тереңдигинде же жер бетинде ар кан­дай казылмалар ж-а бургулоо иштери жүргү­зүлөт. Шахта (рудник) имараттары курулат. Шахтада эки түрдүү казма казылып, анын би­ринен шахта ичине таза аба киргизилет, экин­чисинен булганган аба сыртка чыгарылат. Мын­дай иштерди тик же жантайыңкы шахта ствол­дору м-н штольня аткарат. Кен ачылгандан кийин аны казып алууга даярдык көрүлөт. Шахта стволдору, жардамчы казмалар казылат.
Үңүлмөдөн казылып алынган кенташтар ата­йын унаа м-н жер бетине көтөрүп чыгарылат. Ар кандай жүктөр, жабдыктар, шаймандар, ки­шилер шахта стволундагы көтөргүчтөр аркылуу шахтага түшүрүлөт же жер бетине көтөрүлөт. Кен иштетүүдө жер кыртышындагы кен байлык­тарды толук казып алуу негизги орунду ээлейт. Көп учурда ачык жол м-н казып алуу кеңири колдонулат. Мында эмгек өндүрүмдүүлүгү жер алдына казганга караганда 7–20 эсе жогору, ка­зылып алынган кендин өзүнө турган наркы бир кыйла төмөн болот.