КЕН ЗАПАСЫН ЭСЕПТӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ЗАПАСЫН ЭСЕПТӨӨ – кенташтын кура­мындагы минералдык сырьёнун сапатын, са­нын, өлчөмүн аныктоо. Мында кендердин чал­гындоо даражасы, орун алуу тартиби, сапаты, саны, өлчөмү, чеги, эл чарбасындагы мааниси, казып алуу мүмкүнчүлүгү, жайгашуу тартиби, жалпы шарты такталат. Кендерди чалгындоо­нун бардык этабында запасы аныктала берет. Эң алгачкы чалгындоодогу маалыматтар б-ча запасты эсептөө м-н тех.-экон. доклад (ТЭД) даярдалат. Кендин кондициясы түзүлөт. Тийиш­түү кенташтын запасы, баалуулугу аныкталат. Бул көрсөткүчтөр кийин тоо-кен мекемелерин долбоорлоодо негизги документ болуп калат. Кендин алгачкы ж-а такталгандан кийинки за­пасын запас б-ча мамл. комиссия бекитет. Кен­дин запасы экон. жактан казып алууга жарак­туу (баланстык) же азырынча пайдаланууга жа­раксыз (баланстан тышкары) экендиги анык­талат. Булардын ар бири кен байлыктын чал­гындалган даражасына, изилденип чыккан са­патына, казып алуу шартына байланыштуу 4 категорияны (А, В, С ж-а С2) түзөт. Кендин та­ралышы чектелбей, кенташтын сапаты анык­талбай, жалпы геол. маалыматтарга карап бол­жолдуу алынган запас прогноздук же геол. за­пас деп аталат.


Ад.: Смирнов В. Н. и др. Подсчёт запасов месторож­дений полезных ископаемых. М., 1960; Коган И. Д. Подсчёт запасов и геолого-промышленная оценка рудных месторождений. М., 1974.