КЕНДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДО́ – кылыч м-н машыгуу б-ча япон тай­маш өнөрү. Ал байыртадан эле, Токугава динас­тиясынын мезгилинде (1603–1867) япон аскер­леринин даярдыгынын негизи болгон. Ошол учурда бүгүнкү күндөгү машыгуунун негизги түрлөрү (бамбук кылыч «синай» м-н жыгач «бок­кен»), о. эле коргонуу жабдыктары пайда бол­гон. Мейдзинин (1868–1912) доорунда Япония­да коомдон касталык бөлүнүү жоюлуп, кылыч алып жүрүүгө ж-а К. м-н машыгууга тыюу са­лынган. 1895-ж. жалпы япон таймаш күрөш­төрүнүн федерациясы, 1952-ж. К-нун япон фе­дерациясы түзүлүп, бул спорт түрү кайрадан жандана баштаган. Спорттук таймашта кылыч ышкыбозу серпилгич бамбуктан жасалган кы­лыч (таякты) кармап, башын, төшүн ж-а ко­лун коргоочу атайын жабдыктарды колдонот. Каршылашынын денесине таамай тийгизген ык­маларды аткаргандыгы үчүн упай топтойт. Учур­да К. белгилүү спорт түрү гана болбостон, япон мектептеринде дене тарбия сабагынын өзөгүн түзөт.

Б. Үсөнканов.